Бишкекте коомдук тамактануучу жайларга 6 айда 7,5 миллион сом айып пул салынды

2026-жылдын 6 айында борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору «тамак-аш гигиенасы» бөлүмү боюнча 495 протокол түздү. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, жалпы суммасы 7 миллион 458 миң сомду түзгөн айып пул салуу тууралуу 495 токтом чыгарылган.

Мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин 35 объекттин иши убактылуу токтотулду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий күчүндө. Коомдук тамактануучу жайларды текшерүү арыздардын жана даттануулардын негизинде гана жүргүзүлөт. Жыл башынан бери борбор калаада массалык уулануунун бир нече учуру катталган.

13 Июль 2026 жыл 14:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча