Бишкекте баланы сүзгөн автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлүмгө алып келген жол кырсыгы боюнча шектүү кармалды.
Жол кырсыгы 13-июлда эртең мененки саат тогуздар чамасында болгон. Б.М. аттуу айдоочу автобусту башкарып, Жаш Гвардия бульвары менен түштүк багытта бара жаткан. Рыскулов көчөсүнө бурулуп жатканда, ал жолдон өтүп бара жаткан 2016-жылы туулган А.М. аттуу баланы сүзүп кеткен.
Бала жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Бул факт КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен катталды.
Автобус айып короого киргизилди. Тергөөнүн алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.