Бишкекте өспүрүм баланы сүзгөн автобус айдоочусу буга чейин күбөлүгүнөн ажыратылганы белгилүү болду

Бишкекте мурда мас абалында унаа башкарганы үчүн соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган автобус айдоочусу жашы жете элек баланы сүзүп, ал ооруканада каза болду.

Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын маалыматына ылайык, кырсык бүгүн саат 09:00 чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Маалыматка ылайык, 1977-жылы туулган М.Б. «ZHONG TONG» үлгүсүндөгү автобусту башкарып бара жатып, оңго бурулуп жаткан учурда жолдон өтүп бара жаткан 2016-жылы туулган М.А. сүзүп кеткен.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук транспорттун 1977-жылы туулган М.Б. аттуу айдоочусу 2026-жылдын 26-январында мас абалда унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда.

13 Июль 2026 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча