Бишкек шаарынын Ленин районунда алдын ала маалымат боюнча, Арча-Бешик конушунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:45те Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты жана штаб тартылган. Учурда өрт саат 21:15те чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.