Бишкекте турак жайлардын баасы 30 пайызга өскөнү айтылды

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарында турак жайдын баасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга, ал эми батирлердин баасы 20 пайызга өскөн. Бул тууралуу Жер агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев «Кабар» маалымат агенттигинин «Элден собол» берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 жылда турак жай рыногунда баалар туруктуу түрдө өсүп жатат. Ош шаарында да ушул эле тенденция байкалууда. Турак жайдын баасы 26 пайызга, батирлердики 20% пайызга өстү.

«Эмне үчүн ири шаарларда гана баа өсүп жатат? Аймактарда кыймылсыз мүлк рыногу анча активдүү болбогондуктан, баалар туруктуу бойдон калууда же бир аз гана өзгөрүүлөр болуп жатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айында инфляция деңгээли 7,8 пайызды түзгөн. Бирок, турак жай багытындагы кыймылсыз мүлк баалары инфляциядан 12 пайызга жогору болгон», — деди Сукенбаев.

11 Ноябрь 2025 жыл 14:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча