Бүгүн Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана пикир алмашуу максатында өткөрүлгөн эксперттик жумушчу жыйынында милициянын Кайгуул кызматынын башчысы Манас Сыдыгалиев мындай демилгени көтөрдү.
Анын айтымында, борбор калаадагы тыгындарга себеп болгон факторлор көп жана бул маселени комплекстүү чечүү гана натыйжа бере алат.
«Жол тыгындарын жоюудагы негизги учурлардын бири жөө жүргүнчү менен автоунаанын байланышын минималдаштыруу. Биз Бишкекте Ош шаарынын мисалында шакек түрүндөгү асма өтмөктөрдү курууну сунуштап жатабыз. Азыр шаарда жөө жүргүнчүлөрдүн агымы өтө жогору болгон бир нече ири кесилиштер бар. Ушундай асма өтмөктөрдү куруу абалды бир топ жакшыртат», — деди Сыдыгалиев.
Ал белгилегендей, мындай асма өткөөлдөрдү куруу сунушталган негизги кесилиштер: