ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНА АГЫП КЕТКЕН АДАМДАР ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламедин-1 кичи районунда алдын ала маалымат боюнча Чоң Чүй каналына 3 адам (аты-жөндөрү такталууда) түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Аларды издеп-куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет.

30 Декабрь 2025 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча