Дүйнө чемпионаты −2026: Франция курамасы жарым финалга чыкты

Дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык этабында Франция курамасы Мароккону 2:0 эсебинде жеңип алды. Жеңүүчүлөрдүн курамында Килиан Мбаппе менен Усман Дембеле гол киргизишти.

Жарым финалда Франциянын улуттук курамасы Испания — Бельгия (10-июль) жубунун жеңүүчүсү менен кездешет.

Эске салсак, 2026-жылдагы дүйнө чемпионаты 11-июндан бери АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Турнирдин финалы 19-июлда Американын Ист-Ратерфорд шаарында өтөт. Учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина курамасы.

10 Июль 2026 жыл 9:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча