Депутат кыргыз спортчуларынын стипендияларын көбөйтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш кыргыз спортчуларынын стипендияларын көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев парламенттин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, спортчуларга берилүүчү мамлекеттик стипендиялардын суммасын кайра карап чыгуу керек.

Эл өкүлү азыркы учурда төлөнүүчү максималдуу сумма 60 миң сом экенин, бирок баалардын өсүшү жана инфляциядан улам бул сумма жогорку деңгээлдеги спортчулар үчүн жетишсиз экенин белгиледи. Ал Министрлер кабинетинен төлөмдөрдү көбөйтүүнү карап чыгууну суранды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Казыбек Молдазиев бул сунушка макул болуп, стипендияларды инфляцияга ылайык көбөйтүү керектигин айтты. 

20 Январь 2026 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча