Кытайлык учуучу унаа өндүрүүчүлөр 2026-жылдын башында учактарын сатууну баштоону пландап жатышат, деп South China Morning Post билдиргенин Известия жазды.
Маалыматка ылайык, кеминде жети кытайлык өндүрүүчү ушул жылдын аягына чейин eVTOL учактарын сатууну баштоого камынып жатат. Бул учактар Кытайда жарандык авиация катары классификацияланган 1000 метрге чейинки бийиктиктеги аба мейкиндигинде коммерциялык режимде жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн иштелип чыккан.
Шанхай, Шэньчжэнь жана Чунцин шаарлары үзгүлтүксүз жүргүнчү ташуучу каттамдарды ишке киргизүүгө даярданууда.