Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайбы?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, кээ бир аймакта 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6… +11, Суусамыр өрөөнүндө 0… -5, Талас облусунда +5… +10, Баткен Ош, Жалал-Абад облустарында +8… +13, Ысык-Көл облусунда +3… +8, Нарын облусунда 0… +5 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +9… +11 градусту түзөт.

Ошондой эле тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

20 Февраль 2026 жыл 19:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча