Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Ага ылайык, эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0… +5, Талас облусунда 0… +5, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +1… +6, Ысык-Көл облусунда +1… +6, Нарын облусунда -2… +3 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы +3… +5 градусту түзөт.
Ошондой эле айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Министрлик мындай аба ырайында узак жолго чыккандарга жылуу кийинип, жанына тамак-аш ала жүрүүнү сунуштайт.