Кадамжай районунда жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Атайын рейддин жүрүшүндө Кадамжайдын аймагынан С.К. аттуу жаран тиешелүү уруксат кагаздары жок бир баш жапайы каманды атып алганы аныкталган.
Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, мыйзам бузуучуга 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн дагы 50 миң сом өлчөмүндө доо эсептелди.
Министрлик жапайы жаныбарлар мамлекеттин өзгөчө коргоосунда экенин эскертип, жарандарды аңчылык кылууда мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
