ӨКМ эскертет! Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-июлдан 13-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан жаан-чачындар тоолуу райондордо кооптуу гидрологиялык кырдаалга алып келиши мүмкүн.

Республиканын тургундары жана коноктору коопсуздук чараларын сактоого, өзгөчө дарыялар менен суу объекттеринин жээгинде, ошондой эле тоолуу аймактарда этият болууга чакырылат.

8 Июль 2026 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча