«Манас» эл аралык аэропорту ишин кайрадан кайрадан жандантты

«Манас» эл аралык аэропорту ишин кайрадан жандантты. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.

Ишканадан белгилешкендей, каттамдар жаңыланган расписаниеге ылайык аткарыла баштайт.

Эске салсак, кечээ Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын учагы катышкан өзгөчө кырдаал  катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учак асманга көтөрүлөрүндө арткы шассиси (дөңгөлөгү) сынып кеткен. Буга байланыштуу учак сол канатына кыйшайып, өйдө көтөрүлүүгө үлгүрбөй, учуп-конуу тилкесине кулап түшкөн.

Маалыматка ылайык, учак күүлөнүп жаткан учурда анын арткы шассилеринин бири сынып кеткен. Учак сол канатына ооп, учуп-конуу тилкесинде калган.

Ал эми учак токтогондон кийин жүргүнчүлөр авариялык трап аркылуу эвакуацияланган. Аэропорттон билдиришкендей, олуттуу жабыркагандар жок, бирок айрым жүргүнчүлөр жеңил жаракаттарды алышкан.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок экени айтылган.

8 Июль 2026 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча