Энергетика министри: Кышында электр жарыгын өчүрүү болбойт

Алдыдагы кыш мезгилинде электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиа долбоорунун алкагында билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдө күз-кыш мезгилине даярдык иштери учурда ыкчам жүрүп жатат.

“Учурда электр энергиясы менен кышкысын толук камсыз кылуу жана бардык пландалган иштерди аткаруу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Күтүлбөгөн жагдайлар болушу мүмкүн, эгер кандайдыр бир авариялык кырдаалдар жаралса, аларды ыкчам жоюу үчүн атайын бригадалар даярдалып, күчөтүлгөн режимде иш алып барышат”, — деди министр.

8 Июль 2026 жыл 12:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча