Коюу түтүнгө реакция: Бишкектеги кафеге айып пул салынды

5-май күнү Instagram’да Бишкек шаарынын А. Токомбаев көчөсүндөгү «У» кафесинен коюу түтүн чыгып жаткан видео тарады. Видео коомчулуктун көңүлүн буруп, экологиялык коопсуздук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.

Бул маалыматтын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча инспекторлору жерине барып, тактоо иштерин жүргүзүштү.

Текшерүү маалында аныкталгандай, мангалчы байкоосуздан спирт суюктугун отко куюп жиберген. Натыйжада мангалдан коюу түтүн чыгып, чыпка (фильтр) жабыркап, анын иштөөсү бузулган. Бул айлана-чөйрөнүн түтүн менен булганышына себеп болгон.

Факт боюнча протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 211-беренесине ылайык «У» кафесине 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Кызмат кафе жана тамак-аш даярдоочу жайлар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзам талаптарын так сактоого тийиш экендигин эскертет. Кызмат социалдык түйүндөргө туруктуу мониторинг жүргүзүп, экологиялык мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүп турат.

Айлана-чөйрөнү коргоо — ар бирибиздин милдетибиз.

6 Май 2026 жыл 19:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча