Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Себеби

Жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары 2026-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 1-январында саат 22:00дөн тартып, ал эми «Торугарт» өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 2-январында саат 08:00дөн тартып кайрадан жандандырылат.

Чек ара кызматы жарандардан жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.

30 Декабрь 2025 жыл 10:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча