Кыргыз жаштары жайыттарды сактоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү маселелерине активдүү катышууда

Бишкек шаарында экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынан мыкты деп табылган демилгелердин авторлору катышып, өз идеяларын ишке ашыруу үчүн гранттарга ээ болушту.Сынак “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен Е.М. Примаков атындагы тышкы саясий кызматташтык борбору тарабынан уюштурулуп, Кыргызстан, Индия, Түркия, Казакстан жана Өзбекстанды камтыды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жана “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору тапшырышты. Анын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова Экологиялык демилгелерди эл аралык деңгээлде колдоо маанилүү кадам экенини билдирди.

Кыргызстандын жаштары жайыттарды сактоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү маселелерине активдүү катышып жатканы кубандырат. Бүгүн гранттык колдоого ээ болгон “Чыйырчык” жана “EcoDigital” сыяктуу долбоорлор заманбап санариптик чечимдер менен ыктыярчылардын демилгеси табигый ресурстарыбызды коргоодо натыйжалуу курал боло аларын көрсөтүп турат”,  деп белгиледи Асель Раимкулова.

Кыргызстандан калктын аярлуу катмарларына жардам көрсөтүү, жаштарды экологиялык демилгелерге тартуу, коом үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ыктыярчылыкты жайылтуу багыттары боюнча конкурстук тандоодон өткөн беш долбоор гранттык колдоого ээ болду.

Жеңүүчүлөрдүн катарында көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого багытталган инклюзивдүү ыктыярдуулук мектебинин “Жүрөк менен көрүү” долбоору бар. Ошондой эле, өсүп келе жаткан муун арасында экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган “Достук дарагы” демилгеси жана ыктыярчылык маданиятын өнүктүрүүгө арналган “Жаштар – таза шаар үчүн” долбоору гранттык колдоого татыды. Мындан тышкары, интерактивдүү формат аркылуу жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган “Чыйырчык: жайыттарыбызды коргойбуз” аттуу экологиялык квест жана социалдык-экологиялык маселелерди чечүүдө ар түрдүүмуундарды бириктирген санариптик чечимдердин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн “EcoDigital” долбоору да гранттык колдоого ээ болду.

Социалдык жоопкерчилик жана экологиялык багыт Росатом иш алып барган ар бир өлкөдөгү ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз аймактын туруктуу келечеги жогорку технологияларга гана эмес, кайдыгер эмес адамдардын дем-күчүнө да таянат деп ишенебиз., – деп билдирди Росатоммамлекеттик корпорациясынын КРгы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.

Расмий бөлүктөн кийин долбоорлордун авторлору өз демилгелерин кеңири тааныштырышты. Алар максаттарды гана эмес, аларга жетүүнүн практикалык кадамдарын да баяндап, ыктыярчылар менен иштөө, санариптик инструменттерди колдонуу жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуу маселелерине токтолушту.

Маалымат үчүн: Экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагы ыктыярчылыкты өнүктүрүү, социалдык демилгелерди колдоо жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатында экинчи жыл катары менен өткөрүлүп келет. 2024-жылы сынак Кыргызстанда, Египетте, Түркияда, Бангладеште жана Өзбекстанда уюштурулган. Ал эми 2025-жылы Кыргыз Республикасы, Индия, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандан келген уюмдардын арыздары каралган.Сынактын уюштуруучулары – Энергия развития” автономдуу коммерциялык эмес уюму (“Росатоммамлекеттик корпорациясыжана Е.М. Примаков атындагы Тышкы саясий кызматташтык борбору.Сынактын максаты – ыктыярчылыкты жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү, жаштардын потенциалын ачууга, калктын жашоошартын жакшыртууга, аярлуу топторго жардам көрсөтүүгө багытталган демилгелерди аныктоо жана колдоо, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик чечимдерди киргизүү.

28 Февраль 2026 жыл 6:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча