Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Документтерге эки мекеменин жетекчилери Алмамбет Шыкмаматов жана Жандос Дуйсембиев кол коюшту. Алар:
Биринчи меморандумдун алкагында пилоттук долбоор эки өлкөнүн фискалдык органдары тарабынан эл аралык стандарттарга ылайык салык жана бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталат. Бул чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылат.
Экинчи меморандумдун алкагында товарларга коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды алмашуу үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында электрондук кезекти киргизүү каралган.
Белгилей кетсек, кол коюлган меморандумдар навигациялык пломбаларды киргизүү жана ташууларды көзөмөлдөө шарттарын жакшыртууга багытталган. Бул өткөрүү пункттарындагы көзөмөлдөө жол-жоболорунун көлөмүн кыскартууга, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек арадан өтүүнүн ачыктыгын жана ыкчамдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.