Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Нурбек Букуев Кыргызстанда рак менен ооруган 35 миңден ашык адам бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына уюштурулган эл аралык конференцияда айтты.
Анын сөзүнө караганда, өлкөдө жыл сайын 5,5-6 миң кишиден рак жаңы аныкталат. Нурбек Букуев адамдардын көбү ооруканага кеч кайрыларын, мындай учурда жардам көрсөтүү оор болорун жана бейтаптардын көбү бир жылдын ичинде каза болуп каларын кошумчалады.
“Ошондуктан биздин негизги максаттарыбыздын бири эрте диагностика. Анткени, 1-2-стадияларда ракты оңой дарыласа болот, бул этапта ооруну аныктасак, бейтаптардын өмүрүн сактап кала алабыз. Адамдарды оорунун белгилери жок болсо да текшерилип турууга чакырам”, — деди Нурбек Букуев.