Ушыл жылдын 9-декабрында социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарап, жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу четтетилди.
Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча министрлик кошумча маалымат берет.