”Мэр алдап жатат”. Депутат Бишкекте жолдор жабык, иштеген киши жоктугун айтты

Бишкек шаарындагы жол оңдоо иштери жүрүп жаткан Фучик көчөсүндө жекшемби күнү техниканын баары турганы менен жумушчулар иш ордунда жок болгонун депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал бул көрүнүшкө байланыштуу шаар мэри туура эмес маалымат берип, алдап жатат деген пикирде.

“Бишкек шаарында унаа тыгыны, жол көйгөйү маселеси бар. Ооба, шаар мэри аларга мөөнөт коюлуп, иштер жүрүп жатканын айтууда. Бирок, дем алыш күнү келе жатып Фучик көчөсүнө кирдик, техниканын баары турат, бирок бир да жумушчу жок. Ошондуктан мэр туура эмес маалымат берип, алдап жатат деп ойлойм. Бул боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип койсоңуздар”,- деди Маматалиев.

3 Сентябрь 2025 жыл 17:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча