Мэр турмушка чыгып жаткан эгиз кызга эки муздаткыч белек кылды (Видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таңкы рейддик кыдыруу учурунда “Жекелик” каналынын корук аймагын тосуп алган үйгө кирип, канал жегин ачууну айткан учурда, үй ээси, кыздарын турмушка узатып жатканын, той жакын экенин, андан кийин бузуп берүүнү суранды.

Мэр Жеңишбек Токторбаев жакшылык болуп жаткандыктан макул болуп, эгиз кыздардын тоюна эки муздаткыч белек кылууну убадалаган.

Рейддик кыдыруудан соң мэрдин белеги эгиз кыздардын үйүнө мэрдин атынан жеткирилип берилип, кыздардын апасына тапшырылды.


19 Июль 2025 жыл 18:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча