Нипах вирусу боюнча кырдаал кандай? Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди

Нипах вирусу боюнча кырдаал тууралуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталганбаганын билдирет. Эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.
Инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери келген адамдардын ден соолугунун абалын көзөмөлдөп, транспорт каражаттарына санитардык көзөмөл жүргүзүп, колдонуудагы нормативдик талаптарга ылайык алдын алуу иш-чараларын аткарышууда.
Өлкөнүн медициналык уюмдары ооруну эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы чараларды уюштуруу маселелери боюнча нускама алышты.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу байланышта.

26 Январь 2026 жыл 19:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча