Ноокатта 33 миң куб метрден ашык кум-шагыл мыйзамсыз казылган

Ноокатта 33 миң куб метрден ашык кум-шагыл мыйзамсыз казылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан Ноокат районунда кум-шагыл аралашмасын казуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, жер казынасын пайдалануучу тараптар карьерлерди техникалык долбоордо жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусунда белгиленген 5 метр тереңдиктен ашыкча казышкандыгы аныкталган.

Алсак, жеке ишкер Ө.М. карьерди 9 метрге чейин тереңдетип, 13 100 м³, ал эми «ЖБИ М-А» ЖЧКсы 10 метрге чейин казып, 20 000 м³ кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз алышкан. Мыйзамсыз казылган кум-шагылдын жалпы көлөмү 33 100 м³, болжолдуу наркы 16 млн 750 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары, мамлекетке 1 млн 489 миң 500 сом салыктык зыян келтирилип, жалпы зыян 18 млн 239 миң 500 сом деп эсептелди.

Ал эми, тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары бул мыйзам бузуулар жөнүндө билип туруп, аларды токтотуу жана жер казынасын коргоо боюнча мыйзамда каралган чараларды көрбөстөн, жер казынасын пайдалануучулардын мыйзамсыз иштерин улантуусуна шарт түзүшкөн.

Бул фактылар боюнча Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

31 Июль 2026 жыл 10:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча