Ысык-Көлдө эл аралык класстагы алгачкы гольф-клуб ачылды

Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.

Маалымдалгандай, эл аралык класстагы Golf Resort Issyk-Kul гольф-клубу 100 гектардан ашык аянты ээлейт.

Бул ири долбоордун 70 гектары «линкс» стилиндеги 18 лункага ылайыкталган. Бул өлкөдө спорттук туризмди өнүктүрүгө чоң салым кошо турган заманбап объект болору белгиленди.

31 Июль 2026 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча