Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу селден кийин бир тараптуу ачылды

Күн мурун Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 232-чакырымында сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Учурда жолду тазалоо жана каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Транспорт министрлиги айдоочуларды жолдо этият болууга жана жол эрежелерин так аткарууга чакырат.

13 Июль 2026 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча