УКМК Бишкектеги оңдолгон жолдордун сапатын, ага кеткен каражатты текшере баштады

Улуттук коопсуздук комитети Бишкекте оңдолгон, жаңы салынган жолдордун сапаты, ага кеткен каражат текшерилип жатканын билдирди. Былтыр шаардагы жол оңдоого 1,38 миллиард сом коротулганын, быйылкыга жалпы 5 миллиарддай сом каралганын, мындан улам бул иштер «катуу көзөмөлдү» талап кыларын маалымдады.

«Соңку учурда социалдык тармактарда Бишкектеги жолдорду оңдоодогу мүчүлүштүктөр жана кемчииктер тууралуу билдирүүлөр активдүү тарап жатат. Жол долбоорлорун ишке ашырууда сапат менен ачыктык маанилүү болуп саналат. 2024-жылы шаардын жолдорун оңдоодо 1,38 миллиард сом өздөштүрүлгөн. 2025-жылга бюджеттен 5 миллиард сомго жакын каражат каралган. Бул катуу көзөмөлдү талап кылган ири каржылоо экенин белгилей кетүү керек. УКМК тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп, аткарылган иштердин сапатын, көлөмүн жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин текшерүү үчүн экспертизаларды дайындады. Анын жыйынтыгы менен мүчүлүштүктөр аныкталып, иштин көлөмүн же наркын ашыра баалоо ырасталса күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартылат»,-деп жазылган маалыматта.

18 Июль 2025 жыл 14:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча