Венесуэладагы катуу жер титирөө: каза болгондордун саны 1 миң 943 адамга жетти

Венесуэладагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 1 миң 943кө жетип, 10 571 адам жабыркады. Бул тууралуу өкмөтүн расмий маалыматтрына айтылат.

Президент Делси Родригестин айтымында, Венесуэлада 27 өлкөдөн келген 3 миң 300дөн ашык куткаруучу иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары 6 миң 461 адамды куткарып калууга үлгүрүштү. Алсак, анын айтымында, Иорданиядан келген куткаруучулар урандылардын астында алты күн бою калып кеткен үч жашар баланы аман-эсен алып чыгышкан.

Эске салсак, 25-июнда Венесуэлада акыркы 126 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болгон.

1 Июль 2026 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча