Жапаров: “Быйыл 4600дөн ашык үй-бүлө батир алды”

Быйыл 4600дөн ашык үй-бүлө батир алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, бул көрсөткүч акыркы төрт жылдагы жалпы берилген турак жайлардын жарымын түзөт.

“2021-жылдан бери өлкө боюнча 9250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болду. “Менин үйүм” мамлекеттик программасы чыныгы элдик долбоорго айланды десек болот. 2025-жылы турак жайлар курулушун каржылоо 40 млрд сомдон ашты. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп”, — деди президент.

25 Декабрь 2025 жыл 11:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча