Жапаров: 2027-жылы Ташиевди президент кылуу планым болгон

Мамлекет башчы Садыр Жапаров азыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди «президент кылуу» планы болгонун билдирди. 13-августта журналист Али Токтакуновго курган маегинде ал Ташиев «дос бойдон кала берерин», бирок аны кызматка алып келүү планы эми жок экенин айтты.

Жапаров «20 жылдан бери дос болгон» Ташиевдин «эмгеги, ийгиликтерге салымы бар экенин», «беш жыл жакшы иштеп бергенин» белгилеп, бирок «жакындарына, классташтарына, группалаштарына жакшы көз сала албай калганы анын кемчилиги» болгонун, кызматтан ошондуктан кеткенин кошумчалады.

«2027-жылы өзүм шайлоого барбай эле, ушу даяр болуп калса, жакшы иштеп калды, тажрыйба топтоп даяр болуп калса Камчы катышса, мен катышпай эле Камчыны президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген өзүмдүн планым болгон. Ушул мөөнөттөн кийин. 2027-жылы январда шайлоо болот да. Ушундай кылсам деген планым болгон. Өзүнө эки-үч жыл мурун айткам. «Даяр болгун, айлана-тегерегиңди тазала, тарбияла» деп келгем. Анан, карасам, даяр эмес. Эл эми биригип, бир Кыргызстан болуп баратса анан «сен тияктасыңбы же бул тараптасыңбы» деген болбойт. «Мен сени кызматтан алып жатам ошол үчүн, капа болбо. Кийинки шайлоого катышам десең шарт түзүп берем» деп айткам.

Журналисттин «Сиз айтып туруп алдыңыз беле? Ал күтүүсүз болду деген эле» деген суроосуна:

«Жо-ок, өзүнө айтып туруп эле алгам. Ал Германияда жаткан. Телефондон «Мына ушундай болуп жатат биякта, чатак, парламентте экиге бөлүп жатат» десем «Болду, сенин чечимиң, эч кандай немем жок» деди», — деп жооп берди.

Жапаров Ташиев экөөнүн ортосунда «мен болоюн, андан кийин сен» деген соодалашуу эч качан болбогонун билдирди.

Президент соңку эки жылдан бери Ташиевге эл арасында «криминалдын буюмдарынын жарымын төгүп, жарымын менчиктеп алып жатат, «кустургандардын» жарымын чөнтөгүнө «кустуруп жатат» деген сөз бар экени тууралуу айтып, бирок ал «Мен барып текшердим, баары таптаза экен» деп жооп берип келгенин айтты.

«Кызматтан алгандан кийин бүт чыкканда башын шылкыйтып келип «Ооба, мен ката кетирипмин» деп айтты», — деди президент.

Жапаров Ташиевди ал кызматтан алынгандан кийин эки жолу кабыл алганын айтып, сот ишине кийлигишпей турганын белгиледи.

14 Август 2026 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча