Асан Жанышов 4:0 эсеп менен Азия оюндарынын финалына чыкты

Бүгүн, 30-сентябрда Япониянын Нагоя шаарында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 87 кг чейинки салмак чен бирдигинде Азия оюндарынын финалына чыкты.

Кыргызстандык балбан мелдешти чейрек финалдан баштап, Өзбекстандык Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.

Жарым финалда Асан Жанышов Казакстандын өкүлү Шамиль Ожаев менен күч сынашты. Кармаштын жыйынтыгында кыргыз спортчусу 6:1 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.

Ал эмич чечүүчү беттеште Асан Жанышов Япониянын өкүлү Тайзо Ёшида менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

30 Сентябрь 2026 жыл 10:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча