Жайдын алгачкы айында күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет июнь айына карата аба ырайынын божомолун таратты. Өлкөнүн түштүк аймактагы облустарында абанын эң жогорку температурасы 39 градуска жетери күтүлүүдө.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска өйдө болот. Июнь ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градус жылуулуктан 18…23кө чейин, күндүз 22…27ден 33…38 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 19…21 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градус жылуулуктан 16…21ге чейин, күндүз 21…26дан 31…36га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 22…24, тоо этектериндеги райондордо 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градустан 19…24кө чейин, күндүз 23…28ден 34…39га чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градустан 14…19 градуска чейин, күндүз 19…24төн 30…35ке чейин жетет.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 22…24, тоо этектериндеги райондордо 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градустан 19…24кө чейин, күндүз 23…28ден 34…39га чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12ден 14…19га чейин, күндүз 19…24төн 30…35ке чейин жетет.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуулуктун тегерегинде болушу, күндүз 20…25тен 30…35ке чейин өзгөрөт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 22…24, тоо этектериндеги райондордо 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуулуктан 19…24кө чейин, күндүз 23…28ден 34…39га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12ден 14…19га чейин, күндүз 19…24төн 30…35ке чейин өзгөрөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 15…17 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9 градус жылуулуктан 11…16га чейин, күндүз 16…21ден 25…30га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (27-32 мм, чыгышында 55-86 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус жылуулуктан 9…14кө чейин, күндүз 15…20дан 25…30га чейин өзгөрүлүп турат.

1 Июнь 2023 жыл 9:01

Тема боюнча