2 айда Ысык-Көлдөн 5 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

ӨКМдин суучулдары үстүбүздөгү жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 миң балык уулоочу тор чыгарышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпы 66 күн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, суу астынан 5 тонна 470 кг таштанды терилди.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө 12-мартта башталган.

31 Май 2023 жыл 21:54

Тема боюнча