«Ала-Тоо Резорт» курортуна баруучу жолдун курулушу кызуу жүрүүдө

Ак-Суу районунда жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерине баруучу жолду куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Жыргалаң айылынан курортко кеткен 8,5 чакырымдык жолдо жер жумуштары, кеңейтүү, тегиздөө, таптоо иштери аткарылып, иш ыргагы 2 мөөнөттө уланып жатат.

Жол курулуш иштерине министрликке караштуу № 11 Жол тейлөө ишканасы тартылып, каражат мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен бөлүнүп берилүүдө.

Быйылкы жылы жер жумуштары менен жолду кеңейтүү иштерин аткаруу каралса, 2026-жылдын күз айларына чейин жолдун негизин даярдап, асфальт төшөө пландалган.

26 Сентябрь 2025 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча