«Альянс Алтын » компаниясы бутунан жабыркаган маралга кам көрүүгө жардам берди.
Маалыматка караганда, Таласка Алтайдан алынып келинген маралдардын бири бутунан жараат алган.
«Жаракат алган моралдык Чүй облусундагы кайра жандандыруу борборуна алынып келинген. Бул жакта атайы дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Дарыланып бүткөн соң маралдын тагдыры чечилет. Ал эми азыр дарыланып жатат»,-деп билдирди Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын аңчы инспектору Анарбек Кутманов.
Жардамга муктаж болгон маралды дарылоо жайына жеткирүү демилгесин «Альянс Алтын» колго алып, ишке ашырган.