Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылга карата саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин декларациясын жарыялады.
Анда көрсөтүлгөндөй анын 2023-жылдагы кирешеси 326 миң 601 сомду түзгөн. Министрдин менчигинде эки жер тилкеси бар: биринин аянты 3575 чарчы метр, экинчисиники – 5000 чарчы метр. Бул тилкелер айыл чарбалык эмес максатта колдонулат.
Ал эми Бейшеналиевдин жакын туугандарынын эсебинде 81 чарчы метр, 34 чарчы метр, 67 чарчы метр жана 45 чарчы метр аянттагы 4 батир, ошондой эле баасы 500 миң сом деп көрсөтүлгөн жеңил унаа бар.
Белгилей кетсек, аламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2023-жылдын сентябрь айында министрлик кызматка экинчи жолу келген. 2022-жылдын сентябрь айынан 2023-жылдын сентябрь айына чейин ал «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун директору болуп иштеген.
