Анкарада футболдон кийин калысты сабашты (видео)

Анкарада өткөн улуттук чемпионаттын футболдук оюнунан кийин калыс Халил Үмүт Мелер сабалды. Ал ооруканада карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. 

Окуя 11-декабрда «Анкарагюджю» менен «Ризеспор» беттешинен кийин болуп, Мелер ар бир командадан бирден оюнчуну оюндан чыгарган. «Анкарагюджю» клубунун президенти Фарук Кожа бир нече адамдын коштоосунда талаага чуркап чыгып, калысты кулата чапкан. Андан кийин бир нече жолу тээп жиберген.

Эртеси Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы кол салууга катышкан эки адам кармалганын билдирди. Президент Эрдоган судьянын сабалышын айыптап, спорттогу зомбулуктун кабыл алынгыс экенин эскертти. Түркиянын футбол федерациясы чукул жыйын өткөрүп, өлкөдөгү бардык лигалардагы беттештерди белгисиз мөөнөткө жылдырды. Мелер ооруканага баргандарга карьерасын жыйынтыктаганын айткан. 

12 Декабрь 2023 жыл 15:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча