Ашуулардагы абал

Республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында, ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жолдо каттам бар.

«26-февралдан 28-февралга чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот»,-деп айтылат маалыматта.

Айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

26 Февраль 2026 жыл 9:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча