Ажылык – 2025: Эртең зыяратчылардын алгачкы тобу жөнөп кетет

20-майдан 21-майга караган түнү ажылыкка баруучулардын биринчи тобу Ош — Медина багыты боюнча учуп кетет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, зыяратчыларды узатууга азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров, анын биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов жана башка дин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек — Жидда багыты боюнча алгачкы учуу 24-майда аткарылып, 29-майга чейин созулат.

Айта кетсек, Сауд Аравия быйылкы жылы да Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажыларды 140 ажы башчы жетектеп барышы күтүлүүдө.

20 Май 2025 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча