
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орозов Бактияр Сайпидинович Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бактияр Орозов талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Бүгүн Президент Садыр Жапаров Кыргызcтанда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки министрликти — Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.