Баткенде 500 орундуу Жаңы-Жер орто мектеби курулууда

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында Жаңы-Жер орто мектебинин курулушу жүрүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулушка республикалык бюджеттин эсебинен 164 млн 703 миң сом каржыланган.

Учурда курулуш иштери 55% аяктаган. 2025-жылдын декабрь айына бүткөрүү пландалган.

Типтүү мектепте окуу үчүн бардык шарттар түзүлөт.

31 Июль 2025 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча