Баткенде окуучулар үчүн англис тилин үйрөтүү долбоору ишке кирет

Баткен облусунда мугалимдер менен окуучулардын англис тилин үйрөнүүсүнө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизүү пландалууда.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул тууралуу облус башчысынын орун басары Бактыбек Токсонбаев менен АКШнын Кыргызстандагы Тынчтык корпусунун улуттук директору Мэттью Смиттин жолугушуусунда айтылды.

Ошондой эле жолугушууда Тынчтык корпусунун облустагы ишмердүүлүгү, билим берүү тармагындагы долбоорлор жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар мугалимдер менен окуучулар үчүн англис тилин үйрөнүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизүү боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

29 Сентябрь 2026 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча