Таиландда суу ташкынынан сегиз адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепети Бангкокту кошкондо 28 провинцияда, негизинен Таиланддын борбордук, түндүк, чыгыш жана түндүк-чыгыш аймактарында тийип жатат.
16-28-сентябрь аралыгында суу ташкындарынан 42 провинциядагы 1,8 миллион адам жабыркады.
Суу ташкынынын кесепеттерин азайтуу үчүн мамлекеттик мекемелер жана мектептер жабылууда.
Таиланддын метеорологиялык департаменти өлкөнүн түндүк, борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө катуу жаан-чачын улана берерин божомолдоодо.