Бишкекте 4миң 400 адамга бош жумуш орун бар

Бишкекте 4,4 миң бош орун бар. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бош орундардын  73,7%ы  жумушчу кесиптер.

Жарым жыл ичинде Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына 8,6 миң адам ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу боюнча жардам сурап кайрылган.

Ар бир үчүнчү адам жумушка орношкон же жумушка орношууга дайындалган. Көбүнчө Ленин районунун тургундары иш табышкан.

Борбор калаада жалпысынан 4952 адам жумушсуз деген расмий статуска ээ, негизинен аялдар жана жаштар.

11 Июль 2024 жыл 11:21

Тема боюнча