Абанын сапатына көз салган World Air Quality уюмунун сайтында бүгүн, 16-декабрга карата жарыяланган маалыматка таянсак, Бишкек шаары дүйнө жүзүндөгү 127 ири шаардын ичинен 37-орунду ээледи. Анда абанын сапаты тууралуу индексте борбор калаанын абасынын булганышы 82 көрсөткүчүн көрсөттү. Бул “орточо булганган” дегенди билдирет. Мындай сары деңгээлде таза абада сейилдөөгө болот.

Бишкектикиндей орточо көрсөткүч Ташкент, Рим, Сеул, Доха, Стамбул, Дубай, Пекин, Баку жана башка шаарларда да байкалды.
Дүйнөдөгү абасы эң кир делген алдынкы бештикке Пакистандын Лахор шаары, Индиянын борбору Дели, Босния жана Герцеговинанын шаары Сараево, Бангладештеги Дакка шаары жана Пакистандын Карачи шаары кирди.
Белгилей кетсек, индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат.