Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 8-9-ноябрда социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманке 2026-жылдын июнь айына чейин ар дем алыш күндөрү өткөрүлүп турат.

Жарманке Т.Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.

Жарманкеге катышууга дыйкандар жана өндүрүүчүлөр чакырылат.

Катышуучуларга коюлуучу талаптар:

  • продукция сапаттуу жана таза болушу керек;
  • баалар базар баасынан төмөн болушу зарыл;
  • министрликтин райондук агрардык башкармалыгынын жетекчилигинен тастыктоочу кат талап кылынат.
4 Ноябрь 2025 жыл 16:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча