Бишкекте эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейд өттү

Бүгүн, 31-октябрда Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери Монополияга каршы күрөшүү кызматы, №403 муниципалдык аймактык башкармалыгы, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жана тиешелүү башка кызматтар менен биргеликте Орто-Сай базарында эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча кезектеги рейд өткөрүштү.

Мэриядан билдиришкендей, 11-августтан тарта өлкө аймагында уй жана кой этинин баасына 90 күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Анда уй жана кой этинин (сөөксүз эттен тышкары) чекене баасынын жогорку чеги 1 килограммына 680 сом өлчөмүндө белгиленген.

Рейддин жүрүшүндө эттин баалары текшерилип, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин текшерүүнүн жыйынтыгында баа эрежесин бузган эки учур аныкталып, жалпы 26 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлгөн.

Сатуучуларга баага киргизилген убактылуу жөнгө салуу талаптарын так сактоо милдеттүү экени дагы бир жолу түшүндүрүлдү.

Жарандар эт бааларынын мыйзамсыз жогорулаганын байкаган учурда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылса болот:

Байланыш телефону – 0312 56 31 97,
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү – 0312 564610.

31 Октябрь 2025 жыл 18:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча