Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарында 11-январга караган түнү Биринчи май районундагы Насирдин Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн электр калканынан өрт чыкканын билдирди.

110 батири бар 13 кабаттуу турак жайдын 13-кабатынан чыккан өрт үйдүн чатырына да жайылган. Бир подъезддин 60тай жашоочусу толугу менен эвакуация болгон. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метрди түздү.

11 Январь 2025 жыл 16:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча